Бенджамин Франклин Прежде чем советоваться с прихотью, посоветуйся со своим кошельком.

Кыргызстанда кулчулукка кабылгандар үчүн баш калкалоочу жай курулат

Кыргызстанда кулчулук курмандыктары баш калкалай турган жай курулат. Өкмөттүн токтому менен бекитилген планды уюштуруу иши башталды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Мамлекеттик миграция кызматынын жетекчи орун басары Самат Токтоболотов билдирди.

"Ал кимдин базасында болот, ИИМдинби же биздинби, билим жаңы түзүлөбү ошол маселелерди карап жатабыз".

Маалыматка караганда, мындай жай өлкөнүн түштүгүндө жана түндүгүндө курулушу мүмкүн. Учурда аны каржылоо, донор уюмдарды катыштыруу мүмкүнчүлүгү талкууланып жатат. Кыргызстанда 2018-жылы “адам сатуу” беренеси боюнча сегиз кылмыш иши козголсо, быйыл жыл башынан бери төрт иш козголгон. (КЕ)

Азаттык тиркемеси
Азаттык Фейсбукта
Азаттык Ютубда


Источник: “https://www.azattyk.org/a/29953791.html”