Бенджамин Франклин Прежде чем советоваться с прихотью, посоветуйся со своим кошельком.

Журналисттер элге гана кызмат кылса...

Журналист коомдук вазийпасын кандай аткарып жатат? Бай, таасирдүү күчтөрдүн жетегинде калган жокпу? Журналисттин жоопкерчилигин, кесипкөйлүгүн, маалыматтын коомдук таасирин арттырыш үчүн эмне кылуу керек? Ушул ж.б. суроолорго жоопту «Арай көз чарай» берүүбүздөн издейбиз.

Талкууга медиа эксперт Толкунбек Турдубаев, журналист Арслан Койчиев жана Журналисттер бирикмесинин төрагасынын орун басары Азимжан Ибраимов катышты.

«Азаттык»: - Толкунбек мырза, журналистика чындыкка гана кызмат кылышы зарыл. «Тилекке каршы, акыркы күндөрү кыргыз журналисттери бир эле окуя боюнча эки жаатка бөлүнүп, бири-бирин күнөөлөй баштады, чындык чырылдап талаада калды» деген пикирлер айтылууда. Эгер чындап ошондой болсо, ага кандай кырдаал түрткү берип же ким таасир этүүдө?

Толкунбек Турдубаев.
Толкунбек Турдубаев.

Толкунбек Турдубаев: — Менимче, журналисттердин бүгүнкүдөй эки, андан да көп жаатка бөлүнүп калышына журналисттердин өздөрүндө калыстыктын жоктугу себеп болууда. Анткени журналист так маалыматты даярдоочу, жеткирүүчү, маалымдоочу катары эмес, тигил же бул тараптын тарапкери, жактоочусу катары чыгып жатат.

Саясий күчтөрдүн камчысын чапкан ишенимдүү адамына айланып алгандары бар. Мындай көрүнүштөр өзгөчө эгемен жылдары «эркин гезит» дегендерде калыптанып калды. Ооба, журналист чындыкты жаза турган вазийпасын аткарыш үчүн эркин болушу керек. Тилекке каршы, гезиттин сыртында «эркин» деп жазылганы менен чындыгында кайсы бир саясий күчтөрдүн, ишмерлердин колундагы маалымат каражаттары болуп жатышат.

/**/ /**/ /**/
Дагы караңыз

«Супер инфонун» сырдуу кожоюндары

«Азаттык»: - Азимжан мырза, коомдо башка маселе кызуу талкуу болуп жатканда журналисттерди жаакташтырып коюу — таасирдүү саясий күчтөр коомдук пикирди манипуляциялап, маселени башка нукка оодаруунун бир түрү десек болобу?

Азимжан Ибраимов.
Азимжан Ибраимов.

Азимжан Ибраимов: — Ар бир журналист коомдо болуп жаткан окуяларды, көрүнүштөрдү иликтөөгө, талдоого алууга, чагылдырууга укугу бар. Аны кандай шартта, кандай максатта чагылдырып жатат — ал башка кеп. Бизде кайсы бир бийлик бутагынын же бир адамдын кызыкчылыгын көздөгөн маалымат каражаттары жок деп айтууга болбойт. Журналисттердин бөлүнгөнүнөн мурда саясатчылар да көпкө бөлүнүп жатышат, дегеле коомубуздун өзүндө эки ача пикирлер, ажырым көп. Биздин журналистикада сенсация кубалап, ага азгырылып кеткен учурлар да көп. Биздин журналистикада тилектештик деген да жок.

«Азаттык»: - Азимжан мырза, журналисттин коом алдындагы жоопкерчилиги мыйзамдан сырткары дагы кандай жолдор, ыкмалар менен суралышы керек?

Азимжан Ибраимов: — Кыргызстанда журналисттерге тиешелүү «Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө» мыйзамы бар. Акыркы жылдары айрым өзгөртүү, толуктоолор кирүүдө. Мындан сырткары Кыргызстанда Журналисттердин этикалык кодекси бар. Аны бирөө эске алып аткарган жок, тебелеп-тепсеп эле жатабыз. Тескерисинче, сырттан буйрук, буюртмаларды аткарып жатабыз.

Мурда журналисттер саясатчылардын артынан түшүп казып жазышса, эми журналисттер бири-бирин чукуп жазып жатышат. Албетте, бул абдан кейиштүү көрүнүш. Колдон келсе журналисттер бири-бирине тилектештик көрсөтүп, биринин материалын экинчиси толуктап, улантып жазышы керек болчу. Дегеле, бүгүнкү коом ар тараптан талданган, иликтенген, объективдүү, туура маалыматтарга муктаж болуп турат.

Журналисттердин эл, коомчулук алдында социалдык жоопкерчилиги да бар. Ошол жоопкерчиликти так аткарбаганыбыз үчүн «журналисттер — ушакчылар» деген жаман атка конуп отурабыз. Эгер биз социалдык жоопкерчилигибизди сезсек, анда уккан маалыматыбызды, фактыбызды далилдеп, чын-бышыгына жетип анан жазып, жарыялашыбыз керек. Өзгөчө журналисттер өз вазийпасын өтө абийирдүүлүк менен аткарышы зарыл.

«Азаттык»: - Арслан мырза, сиздин баамыңызда азыркы кыргыз журналисттери коомдук кызыкчылыктарга канчалык жоопкерчиликтүү мамиле кылат?

Арслан Койчиев.
Арслан Койчиев.

Арслан Койчиев: — Журналисттердин ортосундагы жаатташуу — дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө болуп келаткан мүнөздүү көрүнүш. Бирок ал жаатташуу кандай негизде деген суроо туулат. Маселен, Батышта журналисттер жалпы идеологиялык багыттар боюнча жаатташып калышат. Бир даары оңчул, дагы бири солчул саясий күчтөрдү колдошу мүмкүн. Башка бир журналисттердин тобу улуттук баалуулуктар, дөөлөттөр боюнча бөлүнүп калышы мүмкүн. Кыргыз журналистикасында бүгүнкү жаатташууну коомдогу жаатташуунун күзгүсү, коомдун интеллектуалдык деңгээлинин чагылышы катары бааласак болот.

Соңку он жыл ичинде кыргыз журналистикасында чоң секирик болушу керек эле. Бизде чоң идеологиялык мүдөөлөрүбүз, максаттарыбыз бар. Партиялык негизде түптөлгөн парламенттик башкаруудагы коомду куруу ниетибиз бар. Биздин журналистикадагы талаш-тартышыбыз да ушул багытта болушу керек эле. Тилекке каршы андай болбой, журналисттер кландык, топтук кызыкчылыктарга кызмат кылып жатышат…

(Талкуунун толук вариантын ушул жерден угуңуз)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.


Источник: “https://www.azattyk.org/a/kyrgyzstan-journalists-media/30007901.html”